Финансы министрлигинин бөлүм башчысы менен Өкмөт аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды

УКМК тарабынан Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана Өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн акча каражаттарынын бир бөлүгүн ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаковго карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкеринин тиешеси бар экени аныкталган. Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, ЖЧК Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон.

Кармалган жаран курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон. Буга байланыштуу жаран жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5 пайыщ өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 миллион 500 миң сом пара катары өткөрүп берген. 2022-жылдын 21-февралында бул иш боюнча эки шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.