"Фрима" кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды
"Фрима” кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу бүгун, 26-январда Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Каржы полициясы детективдик агенттик менен биргеликте жасалма "Фрима" крем-порошок өнүмдөрүн өнөр жай көлөмүндө чыгаруучу жер астындагы цехти аныктаган. Цех борбордогу базарлардын биринин аймагында жайгашып, андан чыккан продукция антисанитардык шартта жасалган.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 218-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
https://supertv.kg/wp-content/uploads/2021/01/whatsapp-image-2021-01-26-at-10.38.57-300x170.jpeg" alt="" width="300" height="170" />
https://supertv.kg/wp-content/uploads/2021/01/whatsapp-image-2021-01-26-at-10.38.58-96x170.jpeg" alt="" width="96" height="170" />