Германиядан грант алып берем деп 230 миң сомун алып… Алдамчылыкка шектүү кармалды

2023-жылдын 4-апрелинде Э.К. аттуу жаран милицияга Х.Н. аттуу жаранга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2022-жылдын июль айында «Ош базарынын» аймагынан анын ишеничине кирип, акчаңды эки эсе көбөйтүп берем жана Германиядан грант алып берем деп 230 миң сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Бишкек шаарынын Ленин РИИБден маалымдашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1966-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.