Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин эркиндикте болот.
Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип, УКМК тарабынан кармалган.