Royal
SerepTV Logo

Кара-Балтада ресторандын дубалы кулап, администратор каза болду

Кара-Балтада ресторандын дубалы кулап, администратор каза болду
4-май күнү Жайыл районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Жайыл райондук тез медициналык жардам кызматы аркылуу Кара-Балта шаарындагы ресторандардын биринде дубал кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада Кара-Балта шаарынын тургуну, 2007-жылы туулган К.Э. каза болуп, анын сөөгү Жайыл райондук моргуна жеткирилген.

Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.Э. 2025-жылдын март айынан тартып ресторанда администратор болуп иштеп жүргөн.

4-май күнү саат 12:00 чамасында К.Э. иниси жана кесиптештери менен бирге ресторандын жайкы аянтчасында сүйлөшүп турган учурда, күтүүсүздөн батыш тарабында жайгашкан кум-блоктон курулган дубалдын жогорку бөлүгү кулап түшүп, бастырманы басып калган. Натыйжада К.Э. урандылардын алдында калып, каза болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ресторандын имаратына бекитилген жайкы аянтчаны жапкан ак түстөгү чатыр жамгыр суусуна толуп, дубалга күч келтирип, анын кулашына себеп болгон. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде тиешелүү чечим кабыл алынат.