Гүлжайна Атаканованын иши боюнча жаран кармалып, үй камагына чыкты

Мындан 4 күн мурда SUPERTV телеканалына Гүлжайна Атаканова алданып калганын айткан видео жарыяланган. Анда куудул айым 40 миң долларлык унаасын таанышына 10 миң долларга күрөөгө коюп бергени, ал адам кырсыктап калып, унаасын чыгара албай калганын, ал эми күрөөгө алган жарандар «унаа тетикке кеткен» дегенин айткан. Ал ортодо ага жардам берем деген Шоола аттуу аял киши чыгып, андан 1 миң доллар сураганын, 40 миң сом алганын, бирок жардам бербей кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Бул иш боюнча Ленин РИИБге кайрылганыбызда, Шоола аттуу жарандын кармалганын тастыкташып, бирок маалыматты кийин берүүнү убадалашкан. Ал эми Ленин райондук сотуна кайрылганыбызда, жарандын иши бөгөт чарасын кароо үчүн сотко түшкөнүн, соттун чечими менен 2 айга үй камагына чыкканы маалым болду.

«А.Ш.М.га карата бөгөт коюу чарасы катары 8-июлга чейин үй камагы каралды», — деп айтылат маалыматта.