«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды (сүрөт)

«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

7-октябрда УКМК тарабынан Жазык кодексинин 314-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды. Алар:

  1. К.А.К. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);
  2. К.С.С. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
  3. Н.Ж.М. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
  4. А.у.А. Тажик Республикасынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси);
  5. Э.Н.Т. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).
  6. М.З.Я. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн жыйынын ай сайын уюштуруп турганы аныкталган. Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 китеп, 20 китепче, 25 баракча, 13 дептер, 15 уюлдук телефон, 15 электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 ноутбук) табылып алынган.

Кармалган жарандар Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.