Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды.

Буга чейин анын жактоочулары сотко бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча кайрылышкан. Ал 14-мартка чейин үй камагында болот.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Ал эми Асанов камакка алынган болчу.