«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ал соттун чечими менен 2 ай камакта болот.
13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашуун акча каражаты экени айтылды.











