«Ихсан», «S-LINE» кооперативинен жабыр тарткандар акчасын кантип алат? Министр жооп берди

Бүгүн, 18-июль күнү Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков жыйын учурунда кооперативден алдангандардын маселеси боюнча суроого жооп берди.

«Ихсан», «S-LINE» кооперативине көп жарандар алданып калды. Эки кооперативдин жетекчилеринин мүлктөрү, эсептери жана кооперативдин эсептери соттун чечими менен камакка алынган. Соттун чечими менен жабырлануучулардын баарына ошол эсептен акча кайтарылып берилет», — деди министр.

Эске салсак, 13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин төрайымы кармалып, келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашык суммага бааланган.

Ал эми «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев 15-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган.