ИИМ: 1-2-январда 43 жол унаа кырсыгы катталып, 4 адам каза болду

ИИМдин ички иштер органдарынын жалпы кызматкерлери республика аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматын улантууда. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Жыл башталганы эки күн ичинде республика аймагында нөөмөт бөлүмдөрүнө жалпысынан миңден ашык кайрылуу, билдирүүлөр түшүп, анын отуздан ашыгы КБР катталды. Жол унаа кырсыктарынан 43 катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 68 адам ар кандай жаракаттарды алды. Оор жана өтө оор кылмыштар жок. Республика аймагында коомдук саясий абал тынч.
Милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган имараттар жана мекемелер катуу көзөмөлгө алынып, коомдук жайлар, соода түйүндөрү жана эс алуу жайлары көзөмөлгө алынууда. Ар бир облус жана шаарларда, тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери улантылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан оор жол кырсыктарына алып келүүчү одоно жол кыймылынын эрежелеир бузуу, мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлүүдө.