ИИМ Академиясынын 19 жаштагы курсантын өлтүрө сүзгөн деген айдоочу үй камагына чыкты

ИИМ Академиясынын 19 жаштагы курсантын өлтүрө сүзгөн деген айдоочу үй камагына чыкты. Маалыматты Свердлов райондук сотунан тастыкташты.

«Айыпталуучунун 5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылган», — дешти.

9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кыз Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.