ИИМ: «Активист Максат Касенов адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө»

Кечээ, 1-октябрда социалдык тармактарда активист Максат Касеновдун достору аны белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу айтып чыгышкан. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип, анын адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатканын билдирди.

«Жаран Максат Касенов Жазык кодексинин 39-130-беренеси менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал Бишкекке тергөө органдарына жеткирилген. Мындан тышкары, Каракол шаарындагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ок атуучу куралдар (“Сайга”) жана жарылма куралдар табылып алынганын маалымдайбыз. Ошондой эле, көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы такталууда»,- деп айтылат маалыматта.

Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарын жүргүзүүдө.