ИИМ: «Баңгизат сатууга шектелген жарандар кармалды»

ИИМдин кызматкерлери баңгизаттарды сатууга шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү менен алектенген адамдардын аты-жөнүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бектен аттуу жаран (аты өзгөртүлдү) баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ИИМдин кызматкерлери Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, атайын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 килограмм 600 грамм “марихуана” жана 25 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан. Иш-чараларды жүргүзүү учурунда аталган айылдын тургуну Бектен аттуу жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун  1976-жылы туулган тургуну болуп чыккан.

23-сентябрда саат 23:00дө Тогуз-Торо аймагында Бектен жана ал менен бирге жүргөн, кылмышка катыштыгы бар жаранды жеке текшерүү учурунда 2 килограмм 830 грамм “гашиш” жана 1 килограмм 600 грамм “марихуана” баңгизат табылган. Учурда кармалгандар Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык, Сузак РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары улантылууда.