ИИМ: «Быйыл адам уурдоо боюнча 196 кылмыш иши катталды»

Быйыл адам уурдоо боюнча 196 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

«196нын ичинен киши уурдоо фактысы боюнча 68, калган фактылар адамды никеге туруу максатында уурдоо. 68 факты боюнча өндүрүштө 10 факты бар. Өндүрүштөн кыскартылган — 54, сотко 4 факты жөнөтүлгөн», — деди ал.

Депутат «Бардык фактылар боюнча ушундай жумуш алып барасыңарбы?» деп сурады. Буга министрдин орун басары бардык факты боюнча ыкчам иш-чаралардын жүргөнүн айтты.