Чүй облусунун тургунунан 3,5 килограммдан ашуун апийим баңгизаты алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, 18-сентябрда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, атайын тергөө амалдарынын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатууга аракеттенген 1982-жылы туулган жаран кармалган, ал жаранды жеке кароодо рюкзагында 3 жарым килограммдан ашуун баңгизаты аныкталып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда аныкталган баңгизаты 3 килограмм 688 грамм апийим экени тастыкталган. Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык тергөө абагына кармоо бөгөт коюу чарасы колдонулган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.