ИИМ каржы пирамидаларды уюштурган ишканалардын атын атады

Ички иштер органдары тарабынан 2022-жылдын 12 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинен 765 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ЖПКнын 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде, 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми 4 кылмыш иши токтотулуп, калган 153 кылмыш иш боюнча тергөө амалдары улантылууда. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калганы Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны — 1052 адамды түзүп, келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашкан. Келтирилген материалдык чыгымдын 481 миң сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

2023-жылдын 3 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 54 кылмыш иши козголгон, эски жылдан 153 кылмыш иши өтүп баардыгы болуп 207 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын ичинен 67 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилген. Ошондой эле 1 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, учурда 138 кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 206 адамды түзөт.

Каржы пирамидаларын уюштурган ишканалар:
Бишкек шаары боюнча: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт” жана “ОК платформа” каржы пирамидалары;
Ош шаары боюнча: “Ордо-Мурас” каржы пирамидасы;
Ысык-Көл облусу боюнча: “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк” жана “Балыкчы Ынтымагы” каржы пирамидалары;
Нарын облусу боюнча: “Мега Инвест” жана “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидалары;