ИИМ: Кармоого катышкан милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө

Screenshot

9-апрелде милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. уулу Э. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Аныкталгандай, 31-мартта Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө белгисиз жаран арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 65 000 сомду түзгөн «MacBook Air M2» үлгүсүндөгү ноутбугун ээлеп алган. Акча каражатын үч сааттын ичинде кайтарып берем деген шылтоо менен шектүү белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары электрондук байкоо жүргүзүү тандалып алынган. Мындан тышкары, ИИМдин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жаран милиция кызматкерлерине карата арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кызматтык текшерүү башталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан мыйзамга ылайык бардык катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берилет. Текшерүүнүн жыйынтыгы кошумча билдирилет.