Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

ИИМ: «Коррупция боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды»

17:55 19.02.2024
0
ИИМ: «Коррупция боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды»

“Коррупция” беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жетекчилери өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Башында, Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер жеке жактарга ижарага берилет деп божомолдонгон. Бирок азыркы учурда бул тилкелерде жеке турак үйлөр үчүн курулуш иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда 2016-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдары Ново-Покровка айылдык кеңешинин отурумунун жасалма протоколунун негизинде 293 жана 323-контурларда жайгашкан Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине жеке адамдардын жерлерин которуу жөнүндө жалган чечим чыгарышкандыгы аныкталган.

Натыйжада, жеке жактардын алгачкы чек аралары Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине атайылап жылдырылган. Ошол эле учурда Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун 20 гектар аянттагы жерлери да жеке адамдарда калып кеткен.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү менен «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча учурда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин (азыркы жер ресурстары кызматы) мурдагы эки жетекчиси, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана башчысынын орун басары жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган жарандын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экени да аныкталган. Маалыматтарга караганда, ал эч жерде иштебейт, жер участокторун сатуу менен алектенген ортомчу. Алынган маалыматтар боюнча 1982-жылы туулган жаран жана анын туугандарынын атына 35 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн аймагында жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер участоктору катталган. Аталган жаран кармалып, камакка алынды.

Андан тышкары “коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жаранга тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, анын ичинде Toyota Land Cruiser, Hyundai Tucson, Nissan, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалар камакка алынды. Ошондой эле башка кыймылсыз мүлк объекттери — Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Русалка” дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору, “Падышах” рестораны камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:30 18.03.2026
0

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча...

УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:45 18.03.2026
0

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча...

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:41 17.03.2026
0

Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда...

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
0

Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
0

10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Кытайдан келген картошка 38-40 сомдон, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомдон сатылып жатат

Кытайдан келген картошка 38-40 сомдон, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомдон сатылып жатат

17:58 18.03.2026
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

16:32 19.03.2026
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

16:11 19.03.2026
Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

15:39 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү