Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын аймагында жашырынып жүргөн жана издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо иштерин улантууда. Буга чейин сегиз жылдан ашык убакыттан бери кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Ыкчам-издөө иш-чаралары 20-июлда жүргүзүлгөн. Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык элементтердин арасында кадыр-барктуу Баткен облусунун тургуну 1983-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Ага карата 2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 125-беренесинин 2-бөлүгүндө (мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 170-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран издөөдө жүргөн. 2015-жылдын июнь айында ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Аталган жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашырынып жүргөнү аныкталган.
Ал 2009-жылдын жай айларында Ош облусунун Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, отуз үч жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук менен коркутуп, ири өлчөмдөгү 100 миң доллар талап кылып алышкан.
Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан. Ал эми издөөдө жүргөн жаран кармалып, камакка алынган. Учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.