Мончодо бала зордукталган видео Алтайдын Кош-Агач айылында болгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Алдын-ала текшерүүнүн жүрүшүндө, Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында 2019-жылдын август айынын башында жашы жете элек жаран башка жашы жете элек балага карата зордук-зомбулук көрсөткөндүгү аныкталды. Бул факт боюнча Улаган район аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жашы жете элек жаран РИИБге жеткирилип, Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган.
Ал эми 2020-жылдын 31-декабрында айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жиберилген”, — деп айтылат маалыматта.