ИИМ: “Мурда 17 жолу соттолгон жаран жубайын издеп барып, үй өрттөгөн”

Бирөөнүн мүлкүн өрттөп кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Февраль айынын аягында Талас облусунун айылдарынын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылып, белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак-жайы жабыркаганын билдирген. Окуя болгон жерге милиция барып, кароо жүргүзгөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр жабыр тарткан. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп, кошуналар өрттү өчүрүүгө киришишкен. Убагында кошуналар байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калмак.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган. Топтолгон материалдын негизинде Талас РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүнү кармоо иш-чарасы Ысык-Көл районунун аймагында өткөрүлүп, ага Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери дагы тартылган. Кармалган 1994-жылы туулган жаран Ысык-Көл районунда жашайт, мурда көп жолу соттолгон, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Болжолдуу маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран Талас районуна экөөнүн ортосунда чыккан уруштан улам жубайынын артынан барган. Анткени жубайы туугандарына келиши мүмкүн деп ойлогон. Кармалган жаран Талас РИИБге тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.