Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

ИИМ: «Шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөгөн шектүүлөр кармалды»

09:05 13.11.2024
0
ИИМ: «Шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөгөн шектүүлөр кармалды»

ИИМдин ыкчам кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери массалык башаламандыктарды даярдап жаткан жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн адамдардын тобу жөнүндө маалымат алышкан. Алынган маалыматтар боюнча аталган уюшкан топ массалык башаламандыктарды уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу максатында топтун ар бир катышуучусунун (уюштуруучулар, жардамчылар, каржылагандар, аткаруучулар) ролдорун бөлүштүрүү менен түзүлгөн.

Аталган топ спорт оюндарын, ошондой эле башка мелдештерди Бишкектин чет жакаларында өткөрүүнү пландаган. Улуттук спорт оюндарын өткөрүүгө жамынып алышып, кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн зомбулукка чакырууга, Конституцияга каршы чакырыктарды жасоого даярданышып, 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелеринин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун бир катар мүчөлөрү кармалган:
1. Чет мамлекеттин жараны, ошондой эле ал Ош облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.А.О. чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат. Анын милдеттерине физикалык жактан даярдалган адамдарды тандоо, жалдоо жана нускама берүү, алкоголдук ичимдиктерди, азык-түлүктү жана малды сатып алуу, массалык башаламандыктар учурунда укук коргоо органдарынын аракеттерине көз салуу жана уюштуруучуларга жана координаторлорго маалымат берүү кирген. Ал кармалган учурда жана жашаган жерин тинтүү иш-чараларында тутанткыч менен күжүрмөн граната, патрондор, үч квадрокоптер, тепловизор, алысты өлчөгүчү бар оптикалык прицел табылып алынган;

2. Чет мамлекеттин жараны, Ош облусунун тургуну А.у.М. К.А. менен бирге Кыргыз Республикасына массалык башаламандыктарды өткөрүүгө жардам берүү үчүн келген. Кармоо учурунда андан номурлары өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын октору, салмагы 5,7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылган;

3. Чет мамлекеттин жараны М.М.Т. чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат, Кыргыз Республикасына досу К.А. менен бирге массалык башаламандыктарды жүргүзүүгө жардам берүү үчүн келген, учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) менен иштөө боюнча адис, жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ;

4. Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор Б.Т.Н. мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, массалык башаламандыктарды өткөрүү үчүн жогоруда аталган адамдарды демөөрчүлүк кылган жана ишке тарткан, мессенджерлер боюнча чагымчыл видеороликтерди жана шилтемелерди тараткан, анын милдетине деструктивдүү элементтерди, мурда соттолгон адамдарды жана көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерди каржылоого даяр башка адамдарды каржылоо жана табуу кирген;

5. Чүй облусунун тургуну К.Д.С. каракчылык, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, уурдоо жана баңгизатын сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон, анын милдетине үгүт жана каржылоо жолу менен спорттук иш-чараларга жамынып катышуучуларды чогултуу кирген, элди өкмөт үйүнө жөнөтүшү керек болгон;

6. Чүй облусунун тургуну Ч.А.С. уюштуруучу жана координатор болот. Ал Б.Т.нын уюштуруу жана акча каражаттарын бөлүштүрүү, жалданган адамдардын акысын төлөө жана элди чагымчылдыкка үндөө маселелери боюнча жакын адамы.

7. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунда туулган. Ал Башкы прокурордун мурдагы орун басары, анын милдетине финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, массалык башаламандыктарда жана бийликти басып алууда ролдорду бөлүштүрүү жана координациялоо кирген.

Ошондой эле аталган топтун кампасынан элди мас кылуу үчүн 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, 1 тонна күрүч, союу үчүн 1 жылкы жана массалык башаламандыктарга катышкандарга аш даярдоо үчүн азыктар алынган.

Кармалган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36, 278-беренелер (массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу); 261-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан топ түзүү); 263-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан топту каржылоо); 326-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу); 256-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу) менен айыптары угузулду.

Соттун чечими менен жогорудагы кармалган адамдарга карата 2025-жылдын 10-январына чейин тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда кылмыш иши боюнча уюшкан кылмыштуу топтун башка уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
0

Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
0

10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 12.03.2026
0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына З.С. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда А.И.ге карата чара...

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:27 12.03.2026
0

9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:13 11.03.2026
0

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү