Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган жаран 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен.
«Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстандан ал Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
койгулачы эй,уят эмеспи. азыркы заман ким диск менен флешканы колдонот? дагы » граммпластинканы» кошпогону жакшы болуптур. Оштун ГКНБ сынын фантазиясы ошого эле жетет. Премия үчүн ушундай фантастикалык уликаларды табат. Уят. Канча адамды ошентип 10 жыл,20 жылга камап. Эгер ошентип бир лгбт,же катын,же журналист кармалса, нпо лордун бүт иттери ажылдап алып калмак. Бирок байкуш мусулмандарга бир эле Аллах жардам кылат. Анын колдоосу өтө оор болот. Кыяматта көрөсүңөр. Кутула албайсыңар. Канча аял тирүүлөй жесир,канча бала жетим калды. Ошолордун каргышы тийет өлүм төшөгүндө силер жатканда. Эрте же кеч баарыбыз өлөбүз. Ошону унутпайлы