Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, шектүү 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысынан жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
«Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.








