«Империя пиццы» тамактануучу жайындагы массалык уулануу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
«Уулануу фактысы боюнча бардык чогултулган материалдар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетсе, 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. 28-октябрда 318 адамдын ооруканаларга кайрылганы маалым болгон. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.