Ингушетияда эл аралык издөөгө алынган жаран Ошто кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын 1995-жылы туулган жаранын кармашты. Ал Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.

2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камалды.