«Иним велосипед менен практикасына кеткен». Бишкекте 17 жаштагы жигит поезд алдында калып, көз жумду

Кечээ, 27-июнда Бишкекте жигит поезд алдында калып көз жумган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргыз Темир жолу» ишканасынан тастыкташты.

Кырсык Аламүдүн-Кант жолунун 3786-чакырымында болгон. Тепловоз жаранды сүзүп кеткен. Токтотуу болгон, бирок жетишкен эмес. Жерине Тез жардам, милиция чакырылган. Ишканадан жигит велосипед менен капталдан чыга калганын билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жигиттин бир тууган агасы менен байланышканда, жигиттин ошол күнү практикага кеткени маалым болду. «Иним 18 жашка чыкмак да. Эртең менен туруп, Горький менен Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан окуу жайда окуучу. Ошол жакка велосипеди менен практикага кеткен. Анан каза болгону тууралуу кабар келди. Барсак, рельстерди жууп, жанында бак-дарактар бар болчу экен, аларды кыйып салышыптыр. Мен велосипедин көргөн жокмун. Инимдин сөөгүн бүгүн жерге беребиз», — деди анын бир тууган агасы.