Инспектордун огунан каза болгон айдоочу. Оор кылмышты жашырган делип камакка алынган кызматкерлер бошотулду

Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча шектелген Патрулдук милиция кызматынын үч кызматкери эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Башкы прокуратуранын өкүлү берген. Башкы шектүүгө карата баш коргоо чарасы 27-октябрга чейин тандалган. Аны камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн сотко алып барышкан эмес. 

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Кийин оор кылмышты жашырган деп айыпталып 3 кызматкер кармалып, 2 айга камакка алынган. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан эле.