Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда белгисиз жаран ”Дина” аттуу ысым менен интернет баракчаларынын бири аркылуу кардарларды чакырып, сойкулук иши тууралуу жарнама жарыялаган. Бул маалымат Ак-Буура милиция бөлумүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, анын кармоо боюнча ыкчам иштер жургүзүлгөн. Натыйжада, Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сойкулук жасоого шектүү катары Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж.М. кармалган. Шектүү Ж.М. Орусияда жүрүп, бир ай мурда Кыргызстанга келген. Аталган батирди 25-апрелде алып, 28-апрелде баштап сойкулук жасоо үчүн өзүн жарнама жасай баштаганы белгилүү болду.
УКМК: Бангладештин 11 жараны чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда кармалды
25-июнда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш Республикасынын...