Соцтармактын кыргыз сегментинде 2 киши аялды зордуктап жаткан видео тараган. Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 24-декабрда аны зордуктагандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.











