Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Жылдыз Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө анын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири, анын орун басары, прапорщик жана жеке ишкер камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.
8-февралда УКМК маалымат таратып, социалдык тармактарга тараган Жылдыз Асанакунованын кайрылуусу текшерүүдөн кийин тастыкталбаганын билдирген. Буга удаа эле президент Садыр Жапаров аскер прокуратурасы иш алып барып жатканын айткан.