Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ага таандык баасы 150 миң сом болгон «iPhone 17 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жана ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган К.Б. аттуу жаран кармалды. Кармалган шектүү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле шектүү жаран издөөдө жүргөнү жана борбор калаанын аймагында, эл көп чогулган коомдук жайларда жасалган төрт факты чөнтөк уурулукка тиешеси бар экени аныкталды. Мындан тышкары, шектүү жаран милиция кызматкерлерине кылмыш жолу менен алынган төрт уюлдук телефонду ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча...
УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча...
Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда...
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...