УКМК тарабынан ири алдамчылыкка шектелип БШКнын мүчөсү кармалды

БШКнын мүчөсү алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин атайын кызматка жаран арыз менен кайрылган. Ал БШКнын азыркы мүчөсүсүнө карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен келишим түзгөн. 2020-жылдын июнь айында БШКнын мүчөсү арыз ээсинен 2020-жылдын күзүнө белгиленген парламентик шайлоодо жогорудагы партиядан депутаттыкка талапкердин биринчи «бештигине» киргизгени үчүн 550 миң доллар алган. Бирок алар убадасын аткарбай, жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышкан.

11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган.

Кылмыш ишинде айтылган аты-жөндүн инициалына бир гана БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов туура келет. Аны «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.