Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип мурдагы судья кармалды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2018-жылдын март айында Бишкек ШИИБге шаардын тургуну кайрылып, 2015-жылдын май айында эки жаран ага Ахунбаев көчөсүндөгү батирге ээлик кылууга убада беришкен. Ал үчүн шаар тургуну аларга 21 миң 850 доллар менен 36 миң долларга бааланган Рэндж Ровер унаасын берген. Бирок алар сөзүнө турбай, из жашырып кетишкен. 2018-жылдын август айында Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон (эски редакция менен). 2021-жылдын май айында ишти тергөө Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн бири 1962-жылы туулган жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жергиликтүү ЖМКлар кармалган адам Аламүдүн районунун мурдагы судьясы Эмил Мамытов экенин жазып чыгышты. Милиция башка айыпталуучуну издеп жатат.