Иркутсктагы 300дөй мигранттын мушташы. Анда 5 Кыргыз жараны жаракат алды

23-июнда Орусиянын Иркутск облусуна караштуу Жигалов районундагы кенде 500дөй Кыргыз жана Тажик жарандарынын катышуусунда массалык мушташ чыкканын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Министрликтен 5 Кыргыз жараны ар кандай оордуктагы жаракат алганын, анын ичинен бирөө ооруканага жаткырылганын билдиришти. Факты боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин орусиялык басылмалар Орусиянын Иркустк облусунда жайгашкан кенде 300дөй жумушчу мушташып кеткенин жазышкан болчу.