«Ишкер аялды карактап, өлтүрүшмөк». Жалал-Абадда кылмыштын алдын алышты

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыштын алдын алышты. Бул туралуу ИИМден билдиришти.

Жалал-Абад облусунун тургунунун үйүнө кол салуу 13-январда болгон. Кол салгандар акча каражатын жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландашкан. Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр, анын ичинде оор кылмыштын уюштуруучусу да кармалды. Милиция кызматкерлери даярдалып жаткан каракчылык жана буйрутма киши өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматты ыкчам каналдар аркылуу алдын ала билишкен.

2024-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун шаарларынын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургунду буйрутма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында, өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акча берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерин ишендирген. Топтолгон материалдардын негизинде «киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тоноо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу мурда соттолгон жаран экени аныкталган. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине пландалган кылмыштын айрым чоо-жайы, анын ичинде үйгө кантип кирип кол салуу болорун жана кайсы убакытта болору белгилүү болгон. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык болгон жерге жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурушкан. Кылмыш болгон жерден кол салгандарды кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. 13-январда жеке турак жайга кирип, каракчылык жасап жаткан жеринен 2 жаран кармалды. Кармалгандардын бири кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун 1964-жылы туулган тургуну болгон. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.