Исманкулов экс-министр Бейшеналиевге койгон дооматтан баш тартты

Офтальмолог-хирург Алмазбек Исманкулов ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо жана 1 миллион сом моралдык чыгымды өндүрүп алуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жазган доо арызынан баш тартты.

Адвокат Кайсын Абакировдун айтымында, жарандык иш Ленин райондук сотунун 10-марттагы аныктамасы менен токтотулган. Доо арызга Бейшеналиевдин Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын экинчи корпусунун имаратынын жанында Исманкуловдон имаратты бошотууну талап кылган сөзү себеп болгон.