Испаниядан оор кылмышка шектүү алып келинди

Башкы прокуратуранын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.
2021-жылы айыпталуучу жарандардын бирин бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган. Бүгүн, 22-февралда Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.