Июнь окуясы. Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев сотко чакырылат

Бүгүн, 1-декабрда Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Жыйынга судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылууда.

Иш боюнча айыпталуучулар Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бактыбек Алымбеков. Алардын арасынан Атамбаев, Асанов жана Дүйшөбаев камакта.

Айыпталуучу Дүйшөбаев президент Садыр Жапаровду, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытовду жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибековду сотко чакырып, суракка алууну суранды. Судья Бердимуратов өтүнүчтү канааттандырды.