«Жабыркагандар жок». Баткенде жер титиреди

Бүгүн, 14-октябрда саат 11:23тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.