«Өрттү өчүрүүгө саат 05:02де Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:22де кошумча 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 07:45те толук өчүрүлдү», — деп жазылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн чеберкана (мастерской), укалоо салону, үй эмеректери күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.









