«Жабыркагандар жок». ӨКМ Жогорку Кеңештеги өрт тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ачык өрт болгон эмес, түтөп баштаган. «Стратегиялык имарат болгондуктан жерине 6 өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүшкөн. Жабыркагандар жок. Себеби такталып жатат», — дешти.