Жайыл районунда 38 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кечээ, 25-март күнү милицияга телефон чалуу болуп, эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүүдө ал 1984-жылы туулган жаран экендиги такталган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.