Чүй облусунун Жайыл районунда кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы келин арыз менен кайрылган. Арызында ал мурдагы күйөөсү анын үйүнө келип, денесине оор залал келтирип, үйдүн полуна белгисиз куралдан ок атып коркутканын жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Аталган кылмышка шектүү, 34 жаштагы жаран райондук күч органдары өткөргөн “Бандит” аталышындагы рейд учурунда кармалды. Шектүү буга чейин ИИМдин тизмесинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы маалым болду. Учурда шектүү облустун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп берилип, ал колдонгон куралга экспертиза дайындалды.











