15-сентябржа Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалган. Буга чейин, Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сотттук аткаруучусу, Кара-Балта шаарында жаранга тийешелүү дүкөндү жана батирди камакка алган. Аталган жарандан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча аткаруу өндүрүшүнүн алкагында маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...






