Жайылда эки унаа сүзүшүп, бир киши каза болду

Бүгүн, 19-январда Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) Honda Stepwgn жана Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жол кырсыктын кесепетинен 51 жаштагыэркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда алардын аты-жөнү такталууда. Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.