Жайыл районундагы Новониколаевка айылында үйдөн өрт чыгып, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 310 чарчы метр чатыры күйгөн, өрт жакын жайгашкан аянты 20 чарчы метр болгон чарба курулушуна өтүп, толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1988-жылы туулган эркек киши колун кестирип алып, Тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.












