Жактоочу: “Адахан Мадумаров бүгүн түнү эркиндикке чыгат”

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн түнү эркиндикке чыгат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Туманов билдирди.

Адахан Мадумаровду 26-апрелге караган күнү түнкү 00:00дө УКМКнын тергөө абагынан бошотуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун судьясынын тескемеси чыкты”,- деди жактоочусу.