Жактоочу: «Айза Улан кызын өлтүрө сүзүүгө шектелип кармалган айдоочу гемодиализ албайт»

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Айза Улан кызын сүзүп өлтүргөнгө шектүү гемодиализ албайт. Бул тууралуу адвокат Клара Касымалиева 25-январда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу тарап Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган. Министрликтин жообунда шектүү бул процедураны албай турганы жана анын аты-жөнү учурда гемодиализге кезекте турбаганы айтылат.

9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кыз Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган. Анын  5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.